Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Баткен шаарында ата-энеси миграцияда жүргөн 720дай бала катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен шаарынын мэриясы билдирди. Расмий кабарга ылайык, шаар боюнча жакындары чет өлкөгө иштегени кеткен 722 бала такталды. Эми алардын канчасы мектеп жашына чейинки балдар экени, канчасынын ата-энесинин экөө тең же бири четке кеткени такталууда.

Аймакта атайын штаб түзүлүп, курамына ар тармактын өкүлдөрү кирген комиссия ата-энеси миграциядагы балдардын жашоо шарты менен таанышып, так маалымат даярдоо максатында үймө-үй кыдыра баштаган. Үймө-үй кыдырып, балдардын эсебин тактап, атайын база түзүү иш-чаралары башка аймактарда да жүрүп жатат.

Укук коргоо кызматтарынын маалыматында Баткен облусунун аймагында мектеп жашындагы 15 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда экени айтылып жүрөт. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебинде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны Кыргызстан боюнча 175 миңдин тегерегинде.

Ал эми укук коргоочулар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар экенин, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрүшкөнүн айтып жатышат.

Кыргызстандын аймактарында мигранттардын туугандарында жана тааныштарында калган балдар зомбулукка кабылган учурлар катталган. (JsA)

XS
SM
MD
LG