Киевдин соту Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп тапты. Сот ага Орусиянын президенти Владимир Путинден Украинага аскер киргизүүнү суранып, ал аркылуу өлкөнүн "аймактык бүтүндүгүн бузууга көмөктөшкөн" жана "согуш отун тутантууга катышкан" деген дагы эки айып такты.
Сот процесси Януковичтин катышуусуз өтүп жатат. Анын адвокаты экс-президент ушул тапта дарыланып жатканын айтканын 112.ua. телеканалы кабарлады.
Прокуратура Януковичти 15 жыл эркинен ажыратууну соттон суранды. Бийликтен кулатылгандан кийин Орусияда жашаган экс-президент кылмыш ишинин «саясий жүйөсү бар» экенин айтып жүрөт.
Украин маалымат каражаттары соттук териштирүү башталгандан бери Янукович ага катышууга 70тей чакыруу алганын жазышты.
Былтыр ноябрда Украинанын экс-президентинин адвокаты Янукович ооруканага жатып калгандыктан, сот процессине видео байланыш аркылуу да катыша албай тургандыгын билдирген.
Киев соту 5-декабрда Януковичке ооруканада жаткан жеринен акыркы сөзүн айтууга уруксат берген, бирок мурдагы мамлекет башчы андан баш тарткан.
Украина менен Евробиримдиктин кызматташтыгын бекемдеген Ассоциациялык келишимге Янукович 2013-жылдын ноябрында кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин президент андан баш тартканы нааразылык акцияларына түрткү болуп, 2014-жылдын башында Януковичтин бийлиги кулатылган.
Украинанын чыгышындагы уруштарда 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылса, өлкө экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип, саясий реформалардын баары тең эле ийгиликтүү ишке ашып кеткен жок.