Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Киев көчөсүнө Усубалиевдин атын берүү боюнча сунуш түштү


Турдакун Усубалиев.
Турдакун Усубалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө Кыргызстандын баатыры Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

-Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекетин узак убакыт бою башкарган жетекчи катары тарыхта калган. Ал жетектеген учурда өлкө аймагында бир топ ири курулуштар ишке ашкан. Борбордук Ала-Тоо аянты, Тарых музейи, Жогорку Кеңештин имараты да Усубалиевдин аракети менен курулган, - деди ал.

Андан тышкары депутат Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө да мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу керек экенин кошумчалады.

Буга чейин Киев көчөсүнө улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун атын берүү жөнүндө сунуш айтылган.

Усубалиев 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык чоң кызматтарды аркалаган. Совет доорунда чейрек кылым бою Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп иштеп, республиканы башкарып турган. Ал 2015-жылы 95 жаш курагында дүйнө салган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG