Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Ирандык журналист АКШда тергөө абагынан бошотулду


Тегерандагы Press TV телеканалынын алып баруучусу Марзие Хашеми. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.  
Тегерандагы Press TV телеканалынын алып баруучусу Марзие Хашеми. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.  

Федералдык иликтөөнүн алкагында маанилүү күбө катары АКШда кармалган ирандык теле алып баруучу, 59 жаштагы Марзие Хашими абактан бошотулду.

Вашингтондо бир жумадан ашуун камакта отурган журналисттин эркиндикке чыкканын бир нече булактар ырасташты.

АКШнын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Америкада төрөлүп, кийин Ирандын жаранына турмушка чыгып, Тегеранга көчүп кеткен Марзие Хашеми соңку жылдары Тегерандагы Press TV телеканалында эмгектенип жүргөн. Ал 13-январда АКШнын Миссури штатында ындыкара америкалыктардын укуктарын коргогон кыймыл жөнүндө даректүү фильм тартып жүргөн маалда кармалган.

Бул боюнча АКШнын коопсуздук кызматтары эч кандай комментарий берген эмес. Ирандын Тышкы иштер министрлиги Хашемини дароо бошотууну талап кылган. Ошондой эле Тегеранда ондогон аялдар теле алып баруучуну эркиндикке чыгарууну талап кылып, акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG