Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Трамп “шатдаун” бүткөндөн кийин элине кайрылат


Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен АКШнын президенти Дональд Трамп.
Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп салтка айланган жылдык кайрылуусун өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон “шатдаун” бүткөн соң жасай тургандыгын билдирди. Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Трамптын келип, өлкөдөгү кырдаал жөнүндө баяндама жасашына уруксат берген жок.

Адегенде Трампка 29-январда Конгресстин төмөнкү палатасына келип сүйлөөгө чакыруу жиберилген. Бирок Пелоси өкмөттөгү “шатдаунга” байланыштуу "коопсуздуктан улам" деген жүйө менен президентти чакыруудан баш тартты.

Трамп "Твиттер" баракчасына “Бул анын укугу. Мен "шатдаун” бүткөндөн кийин элге кайрылам” деп жазды.

Кошмо Шаттарда президент жыл сайын Конгрессте өлкөдөгү кырдаал тууралуу баяндама жасайт. Бирок ал үчүн мамлекет башчы сөзсүз эле өзү мыйзамчылардын алдына келиши талап кылынбайт. Буга чейин айрым президенттер баяндамасын кагазга жазып эле Конгресске беришкен.

Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруш үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес.

Бүгүн АКШнын федералдык өкмөтү жарым-жартылай токтоп турганына 32 күн болот. Бул - америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун».

XS
SM
MD
LG