Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Москва Суданда орусиялык жалданма аскерлер бар экенин ырастады


Суданда бийликке каршы демонстрацияга чыккандар. 25-декабрь, 2018-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Африканын Судан мамлекетинде орусиялык жалданма аскерлер бар экенин ырастады. Мекеменин өкүлү Мария Захарова орусиялыктар жергиликтүү күч органдарынын адистерин машыктырарын билдирди. Ал ошондой эле "орусиялык жалданма аскерлер Суданда бийликке каршы нааразылык акцияларын басууга катышат" деген маалымат “жалган” экенин айты. Захарова жалданма кошуундар менен Орусиянын мамлекеттик органдарынын байланышын жокко чыгарды.

Суданда орусиялык жеке менчик аскер компаниялардын бар экендиги былтыр маалым болгон. Маалымат каражаттары “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуун тууралуу жазып чыгышкан.

Былтыр үч журналист - Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко Борбордук Африка Республикасында киши болдуу болушкан. Алар бул өлкөдөгү орусиялык жалданма аскерлерди иликтеп, даректүү тасма тартышмак.

Кремль жеке аскердик компаниялар тууралуу маалыматты расмий четке каккан. Бирок президент Путин соңку басма сөз жыйынында жеке аскердик компаниянын айланасындагы кырдаалга комментарий берип, андай компаниялар Орусиянын мыйзамдарын бузбаса "дүйнөнүн каалаган жеринде иштөөгө жана ишкерлик кызыкчылыктарын сүрөөгө алууга укуктуу" деп айткан.

XS
SM
MD
LG