Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Арменияда онкологиялык операциялар бекер жасалат


Армениянын Ванадзор шаарындагы жаңы оорукана. 10-ноябрь, 2018-жыл.
Армениянын Ванадзор шаарындагы жаңы оорукана. 10-ноябрь, 2018-жыл.

Арменияда онкологиялык операциялар мындан ары бекер жасалмай болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Арсен Торосян 23-январда билдирди. Министрдин айтымында, өсмө (рак) илдети менен жабыркагандар үчүн операциянын акысы толугу менен мамлекеттин эсебинен каржыланат. Бул жылы онкологиялык кызматтарга бир жарым миллиондой доллар бөлүндү. Буга чейин Арменияда өкмөт операция акысынын жарымын төлөп берчү.

Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн айрымдарында "өсмө илдети менен жабыркагандар дарылуусун өз жанынан төлөшү керек" деген демилге көтөрүлүп жүрөт. Алгачкылардан болуп Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жана Москванын мэринин орун басары Леонид Печатников ушундай сунуш киргизишкен.

XS
SM
MD
LG