АКШнын расмий өкүлдөрү “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү менен Катарда төртүнчү күн катары менен жолугуп жатат. Бул тууралуу куралдуу кыймылдын өкүлдөрү билдирди. Эки тарап тең 17 жылдан берки ооган согушун басуу үчүн макулдашууга жетишүүнү көздөйт.
“Талибандын” басма сөз катчысы Забиулла Мужахид журналисттерге “талкуулар дагы эле уланып жатканын” айтып, адегенде сүйлөшүүлөр эки күнгө гана пландалганын кошумчалады.
“Макулдашууга жетишкенден кийин иштин чоо-жайын айтабыз” – деди Мужахид. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады. Кабулдагы АКШнын элчилгинен же НАТОнун өкүлчүлүгүнөн азырынча маалымат жок.
АКШ Мамлекеттик департаменти Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча чабарман Залмай Халилзад 22-январда Доха шаарында “Талибандын" өкүлдөрү менен кездешкенин билдирди.