Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Тажикстанда мамлекет мугалимдердин бир күндүк айлыгын кармады


Хатлон облусундагы Шахритус районунун мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер бир күндүк айлыгын бийликтеги Элдик демократиялык партиянын райондук кеңсесинин курулушуна которууга милдеттендирилди.

Жергиликтүү мугалимдер менен дарыгерлер эсепчилер аларга айтпастан эле бир күндүк маянасын армап калганына даттанышууда. Аты-жөнүн айткысы келбеген дарыгер анын айлыгы 400 сомони (45 долларга жакын) экенин, анын 20 сомонисин кармап калышканын билдирди.

«Бизди чогултуп, бир күндүк айлыгыбызды партиянын райондук кеңсесинин курулушу үчүн кармап кала турганын айтышты. Макулдугубузду сурап да коюшкан жок. Декабрда дагы айлыкты толук алган эмеспиз. Былтыр эки жолу Дүйшөмбүдөгү «Эл ынтымагы» сейил багынын курулушуна деп айлыгыбыздын бир бөлүгүн кармап калышкан», - деди ал.

Ал ортодо жергиликтүү бийлик мугалимдер менен дарыгерлер бир күндүк айлыгын өз каалоосу менен которуп жатканын билдирди.

​Укук коргоочу Ойнихол Бобоназарова тажик мыйзамдары саясий партиялардын максаты үчүн мажбурлап акча чогултууга тыюу саларын билдирди. Анын айтымында, имарат партия мүчөлөрүнүн жана ыктыярдуу түрдө берилген каражаттын эсебинен курулушу керек.

Азырынча Элдик демократиялык партиянын райондук кеңсесинин курулушуна канча каражат кете турганы белгисиз. Партия өкүлдөрү имарат эки кабаттуу болорун айтышып, учурда пайдубалы тургузулуп жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG