Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Жанат Бейшенов транспорт жана жол министри болуп дайындалды


Жанат Бейшенов
Жанат Бейшенов

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жанат Бейшенов Саматович Кыргызстандын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Бейшеновдун талапкерлигин 24-январда Жогорку Кеӊеш жактырган. Талапкерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырган.

Бейшенов жоопкерчиликти сезип турганын айтып, жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштиктүү чара көрүүгө, тендерлердин өтүшүнө, бюджеттик каражаттын сарамжалдуу жана өз багытында пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүгө убада берди.

Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, чех тилдерин билет. Буга чейин өкмөттүн аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG