Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Кытайдан келген инвестициялар эки эсе кыскарды

АКШнын 100 долларлык купюрасы. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын 100 долларлык купюрасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кытай эл республикасынан Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы кытайлык ишкерлер Кыргызстанга 300 млн. доллардай акча салган. 

Адилбек уулу буга негизинен Кытайдын финансылык рыногундагы саясатына көзөмөлдү катуулатканы себеп болгонун белгилейт. Анын белгилешинче, коңшу мамлекетте акчаны өлкөдөн чыгаруу жолдору катаалдашып, 5-10 миллион долларга чейин инвестиция салган кытайлык ишкерлердин саны азайган. 

Агенттик жетекчиси ошондой эле жергиликтүү элдин чет элдик инвесторлор менен диалогго барбай жатканы да кытайлык инвестициянын азайышына таасир этип жатканын белгиледи. 

Былтыр Кыргызстанга тикелей инвестициялардын жалпы көлөмү 31% кыскарганы буга чейин айтылган. 2017-жылы инвестициялар 503 миллион долларга жеткен болсо, 2018-жылы бул сумма болгону 345 миллионду түздү. (ErN)

XS
SM
MD
LG