Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

Авариядан улам Бишкектин төрт кичирайонуна жылуулук жетпей жатканы кабарланды (видео)


Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек ЖЭБи. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын бир катар жашоочулары “Фейсбукта” билдирүү жазып, Көк-Жар, Асанбай жана 11,12-кичирайондордо 24-январдан бери жылуулук берилбей жатканына даттанышты.

Алар буга Бишкектин Медеров көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрүндөгү авария себеп болгонун билдиришти.

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) баш ийген “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева ЖЭБ жылуулукту адаттагыдай эле берип жатканын билдирди. Ал жагдайга жылуулукту жеткирүүнү камсыз кылган “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы жооп бериши керектигин кошумчалады.

“Бишкек жылуулук тармактарынын” басма сөз кызматкери Канышай Дүйшөнбекова авария болбогонун жана мекеме штаттык режимде эле иштеп жатканын кабарлады.

Дүйшөнбекова адистер 23-январдан бери пландуу текшерүү учурунда Көк-Жар районунда (7-апрель көчөсү) түтүктөрдө тешик барын такташканын кошумчалады. Аны оңдоо үчүн 24-январда жылуулук резервдик түтүктөр аркылуу жеткирилип турган.

Буга байланыштуу күндүн экинчи жарымында Көк-Жар, Асанбай жана 11, 12-кичирайондордо жана 4, 5, 6-кичирайондорунун айрым жерлеринде жылуулуктун көрсөткүчү төмөндөй түшкөнү байкалган. Кечке жуук кайра негизги түтүктөр иштей баштаган жана жылуулук берүү мурдагы калыбына келтирилген.

“Бишкек жылуулук тармактарынын” адистери аталган райондордогу көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып, жылуулук жетпей жатат деп айтылган батирлерди иликтеп жатат. (ErN)

Медеров көчөсүндөгү жылуулук түтүгүнөн суу атылып жатканы тартылган видео тасма. "24.kg" басылмасынын материалы.

XS
SM
MD
LG