Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:06

Ооганстанда аба соккудан кийин бир үй-бүлөнүн 16 мүчөсү каза болду


иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын түштүгүндө 24-январда болгон аба соккудан бир үй-бүлөдөн 16 киши каза тапты.

Гилменд провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Аттаулла Афгандын айтымында, аскерлер менен талиб согушкерлери ортосундагы куралдуу кармаш учурунда түшкөн бомба турак жайга тийген. Курман болгондордун арасында сегиз бала жана үч аял бар.

Соккуну ооган куралдуу күчтөрү же адатта аларга абадан көмөк көрсөткөн НАТО аскерлери урганбы азырынча белгисиз. Окуяны атайын топ иликтей баштады.

НАТОнун билдирүүсүндө “Сангин районунда ооган армиясы жетектеген бир нече күндүк операцияны коалиция күчтөрү абадан сокку уруп колдошууда” деп айтылат. Альянс өкүлдөрү операция уланып, карапайым эл арасындагы жоготуулар тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG