“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 26-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -24…-29, күндүз -12…-16 градус болот.
26-январда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Борбордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5, күндүзгү жогорку температурасы 6…8 градус болот. (ErN)