Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

Швеция орус учактары аба мейкиндигин бузганын билдирди


Швециянын аскерлери орусиялык чалгын учагы жана эки истребители Балтика деңизинин жанында Швециянын аба мейкиндигин бузушканын 24-январда билдиришти.

"Ил-20 учагы жана Су-27 учактары 19-январда Мальмө шаарынан 135 чакырым алыс орун алган Карлсхамн шаарчасынын түштүк тарабынан учуп өткөн", - деп айтылат швед куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө. Учактар өлкөнүн аба мейкиндигине уруксатсыз киришкени белгиленет.

Орусиянын Коргоо министрлиги «Бардык учуулар эл аралык эрежелерге ылайык жасалууда» деп инцидент тууралуу маалыматты четке какты.

Акыркы кезде Орусиянын Балтикадагы аскердик аракеттери активдешкени тууралуу маалыматтар көп түшүүдө.

XS
SM
MD
LG