Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Конгантиев боюнча кайра жандандырылган иш сотко өткөрүлдү


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кайра жандандырылган кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 24-декабрында Молдомуса Конгантиевге айыбы угузулган. Ошол эле жылдын 25-декабрында бул кылмыш иши боюнча тергөө бүтүп, иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Экс-министр Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен кыскартылып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул маалыматты ошол эле жылдын 18-июнунда УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган. 2018-жылдын 12-декабрында Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри УКМКнын Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарган. Натыйжада иш кайра жанданган.

Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG