Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Иранда ири аскердик машыгуу башталды


Иран армиясынын колоннасы. 25-январь, 2019-жыл.
Иран армиясынын колоннасы. 25-январь, 2019-жыл.

Ирандын армиясы 12 миң аскер жана жаңы түзүлгөн ыкчам аракеттенүүчү бөлүктөр тартылган машыгууну баштады. Жоокерлер тышкы агрессияга жана куралдуу согушкерлерге каршы даярдыгын көрсөтөт. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Эки күндүк иш-чара Исфахан чөлкөмүндө өтүп жатат.

Жөө аскерлердин кол башчысы генерал Киумарс Хейдаринин айтымында, машыгуу баскынчыларга алар Иран армиясынын “тез жана чечкиндүү” чабуулуна туш болушарын көргөзөт.

Иран аскердик даярдыгын текшерүү максатында машыгууларды дайыма өткөрүп келет.

XS
SM
MD
LG