Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

Темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды


Кыргызстанда 2019-2025-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоору сунушталды.

Расмий маалыматка ылайык, 26-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүүгө арналган кеңешме өткөрдү.

«Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов жогоруда аталган долбоорду сунуштады. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен иштелип чыккан концепциянын алкагында ишканаларды башкаруунун жаңы модели – акционерлештирүүнү түзүү пландаштырылууда. Темир жол транспорту фонддорун жаңылоо жана модернизациялоону каржылоого мамлекеттик жана жеке механизмдерин киргизүү каралып жатат.

- Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы сыяктуу стратегиялык объектинин азыркыдай абалда калышына жол берилбеши керек. Темир жол транспорту тармагындагы абалды кескин өзгөртүү үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу зарыл,- деди Абылгазиев.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тапкан кирешесинин жарымын гана мамлекетке салык катары төгөт. Бирок кийинки жылдары ишкананын кирешеси кескин азайып кеткен. Маселен, 2014-жылы 1 миллиард сомдон ашык пайда түшсө, былтыр ишкана 650 миллиондой сом каражат тапкан.

Былтыр 13-августта Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын башкаруу системасын өзгөртүү боюнча жаңы стандарттар каралып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG