Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Вашингтондогу "Нюзеум" музейи карыздан улам имаратын ижарага берет


Курман болгон журналисттердин музейдеги сүрөттөрү.
Курман болгон журналисттердин музейдеги сүрөттөрү.

Вашингтондогу "Нюзеум" медиа музейи карызга батканынан улам өз имаратын Жон Хопкинс университетине ижарага бермей болду. Музейдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, карыз 372,5 миллион долларга барабар.

"Нюзеум" - Вашингтондогу эл эң көп барган музейлердин бири. Жыл сайын ал жерге 800 миң киши барат.

2008-жылы музейди караган уюм ал жердеги курулуш иштери үчүн 600 миллион сарптаган. Бирок бул акча ишмердикти улантууга жетпей калганы айтылууда.

"The Washington Post" басылмасы билдиргендей, Капитолий имаратына жакын жерде 2008-жылы ачылган бул музей ушул күнгө чейин зыянга иштеген.

Музейде кесиптик ишмердигине байланыштуу курман болгон дүйнөдөгү 1843 журналисттин сүрөтү иинип, аты-жөнү дубалга жазылган. Алардын арасында кыргызстандык Алишер Саипов да бар.

XS
SM
MD
LG