Москвадагы мигрант аялдардын башын бириктирген “Айымдар KG” коомдук бирикмеси Бишкекте “Билимдүү аял – өнүккөн коом” аттуу форум өткөрүп, ага 150дөй кыз-келин катышты.
Бирикменин жетекчиси Шахрезада Аданова буга чейин анын мүчөлөрү Орусиядагы мигрант кыз-келиндерди чогултуп, аларга маалыматтык, укуктук жардам берип жүрүшкөнүн, мындай форумдар жылына эки ирет уюштуруларын “Азаттыкка” билдирди.
26-январдагы форумга Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, окумуштуу Жазгүл Келгенбаева баштаган бир нече белгилүү аялдар келип, билим алуу маселесин талкуулашты. (BCh)