Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Орусиянын абактарында 10 миңден ашуун тажик жараны жазасын өтөп жатат


Сибирдин Красноярск шаарынын тергөө абагына түшкөн мигрант. 19-сентябрь, 2013-жыл.
Сибирдин Красноярск шаарынын тергөө абагына түшкөн мигрант. 19-сентябрь, 2013-жыл.

Москвадагы тажик элчилигинин маалыматына караганда ушул тапта Орусиянын түрмөлөрүндө Тажикстандын 10 миңден ашуун жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлады.

Орусияда ондогон тажик жаранынын үстүнөн сот иштери жүрүп жатат. Алардын көбү терроризм жана экстремизм боюнча шек саналгандар.

"Азаттыктын" тажик кызматынын өз булагы «алардын канчасынын терроризм менен экстремизмге тиешеси бар экени белгисиз, бирок соңку эки-үч жылда мындай иштер көбөйдү» деп айтып берген.

Орус бийлигинин маалыматы боюнча бул өлкөдө 1 миллионго чукул тажикстандыктар жашайт.

2013-жылдан бери орус маалымат каражаттарына террорчулукка байланыштуу тажикстандыктар кармалганы жөнүндө маалымат көп чыга баштады. Мындай айыпка жыгылгандардын айрымдары өз мекенине экстрадицияланса, калгандары орус түрмөлөрүндө жаза өтөшөт.

Укук коргоочулардын белгилешинче, орус полициясы терроризмге шектүү кимдир-бирөөнү кармаганда көпчүлүк учурда алардын жакындарына кабар бербей коёт.

Өткөн аптада Москванын аскердик соту Борбор Азиядан барган 11 кишини, анын ичиндеги беш тажик жаранын алты жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты.

Аларга "«Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө болгон" деген кине коюлган. Айыпкерлер 2016-жылы Москвада жана Санкт-Петербургда кармалган.

XS
SM
MD
LG