Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Пакистан: крикет оюнчусу расисттик сөзүнөн улам оюндан четтеп калды


Пакистандын крикет командасынын капитаны Сарфраз Ахмед. 26-декабрь, 2017-жыл.
Пакистандын крикет командасынын капитаны Сарфраз Ахмед. 26-декабрь, 2017-жыл.

Крикет боюнча эл аралык кеңеш (The International Cricket Council - ICC) Пакистандын крикет командасынын капитаны Сарфраз Ахмедди спорттогу расизмге каршы кодексти бузганы үчүн төрт оюндан четтетти.

Эл аралык кеңеш 27-январда өз чечимин бышыктап, Сарфраз уюмдун расизмге каршы эрежелерин бузганын мойнуна алганын билдирди.

Пакистандык таанымал крикетчи түштүк африкалык ындыкара оюнчуга каршы расисттик маанайдагы сөз айтканы үчүн кечирим сурады. Окуя 22-январда Түштүк Африканын Дурбан шаарындагы мелдеш маалында болгон.

Жекшембиде Йоханнесбургда өткөн таймашта Пакистандын командасын Шоаб Малик баштап чыкты.

Крикет боюнча эл аралык кеңештин чечимине ылайык, Сарфраз дагы эки оюнга жана "Twenty20" мелдешинин алгачкы эки беттешине катыша албайт.​

XS
SM
MD
LG