Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Халилзад: Катардагы сүйлөшүүдө “олуттуу прогресске” жетиштик


АКШнын Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча чабарманы Залмай Халилзад. 18-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча чабарманы Залмай Халилзад. 18-ноябрь, 2018-жыл.

Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн АКШ менен “Талибан” кыймылынын сүйлөшүүлөрү “олуттуу прогресске” жеткени маалым болду. Бул тууралуу АКШнын атайын чабарманы Залман Халилзад 27-январда Кабулга кайтып баргандан кийин билдирди. Ал Катардын баш калаасы Дохада алты күндүк сүйлөшүүгө катышты.

Халилзаддын айтымында, талибдер менен келишимге кол коюлган жок, бирок ал жакында ишке ашат. “Мурдагы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу бул жолугушуу натыйжалуу болду. Өтө маанилүү маселелер боюнча олуттуу прогресске жетиштик” деди атайын чабарман.

"Reuters" агенттиги өз булагына таянып, АКШ менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү америкалык аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүүнү макулдашканын кабарлады. Сүйлөшүүнүн катышуучулары тынчтык макулдашуусунун алгачкы вариантын түзүшкөнү да белгилүү болду.

Мамлекеттик департамент Доха шаарында Халилзад “Талибандын" өкүлдөрү менен кездешкенин өткөн аптада билдирди. Тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын “мекеме аралык тобу” да катышып жатканын айткан.

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин 21-январдан бери Дохада сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастаган.

Акыркы маалыматка караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын "Талибан" көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG