Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:02

Жол кырсыгына кабылган Аргынбек Малабаев реанимацияда жатат


Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, Аргынбек Малабаев түшкөн «Тойота Лэнд Крузер» автоунаасы 27-январдын кечинде Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. Машинеде айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандардын арасынан мурдагы министр Аргынбек Малабаев реанимацияда экени кабарланды.

Кырсыкка кабылгандар тоого аңчылыкка чыкканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG