Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

АКШ дипломаттар менен Гуайдого коркунуч келсе чара көрөрүн эскертти


Жон Болтон.
Жон Болтон.

АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадурого баш ийген күч органдары өлкөдөгү америкалык дипломаттарга же өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуайдонун коопсуздугуна коркунуч туудурса, ага олуттуу жооп кайтарыларын эскертти.

Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Твиттерге" жазды. Ал Куба Мадуронун куралдуу тарапкерлерине колдоо көрсөтүп жатканын да белгиледи.

Николас Мадуро жекшембиде америкалык дипломаттардын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган буга чейинки чечиминен баш тартты.

Хуан Гуайдо 23-январдагы митингде өзүн президент деп жарыялап, Николас Мадуро жеңип чыккан шайлоо мыйзамсыз болгондуктан, Конституция боюнча мындай кадамга укуктуу экенин айткан.

АКШ жана Латын Америкасындагы мамлекеттердин көпчүлүгү Гуайдону убактылуу президент катары тааныды. Булардын катарына 27-январда Израил да кошулду. Ал эми Европа Биримдигиндеги мамлекеттер Мадуро чукул арада жаңы шайлоо жарыялабаса, Гуайдону президент катары тааный турганын билдиришти.

Орусия, Кытай, Түркия, Куба жана башка мамлекеттер Мадурону колдоп жатышат.

Латын Америкасындагы Венесуэла мамлекетинде көчө акциялары уланууда. Бирок акыркы күндөрдө бир аз басаңдай түшкөнү байкалды.

Оппозиция ушул аптада калың элдин катышуусундагы акцияларды уюштурууну көздөп жатат. Гуайдонун тарапкерлери бийлик тараптан репрессия болот деп кооптонууда. Мадуронун күчтөрү ушул убакка чейин жүздөгөн активисттерди кармап кетти.

27-январда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Москва Венесуэлага 400 жалданма аскер жөнөткөн" деген маалыматтарды четке какты. Орусия Мадурону коргоо үчүн аскерлерди жибергенин 25-январда "Reuters" агенттиги жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG