Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

Укук коргоочу Ош мэриясынын кызматкерин сотко берди


Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

«Интербилим» коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева «кадыр-баркыма доо кетирди» деген доо менен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Эшмурат Аматовду сотко берди. Бул тууралуу маалыматты Мамасалиева «Азаттыкка» ырастады.

Укук коргоочунун айтымында, мэрия кызматкери аны «он жылдан бери чыр чыккан маселелерге аралашып, акча жасап жүрөт» деп шылдыңдап, айыптаган.

Гүлгаакы Мамасалиева Эшмурат Аматовго 65 миң сомдук доо койгон. Ал арызын Ош шаардык сотуна тапшырды.

Аматовдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «ар бир жаран сотко кайрылууга укугу бар экенин, укук коргоочу менен кызматкер талашын өз алдынча чечиши керек экенин» айтты.

«Интербилим» уюму менен мэриянын кызматкеринин талашы Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда курулуп жаткан жаңы сквердин ордундагы базарды бузуу маселесинен улам чыккан. Уюмдун жетекчиси мэриянын сквер салуу аракетин колдоого алып, бирок күркөсү алынган соодагерлерге башка жай таап бергенден кийин гана бузуу иштерин жүргүзүүнү талап кылган.

«Интербилим» коомдук уюму Ошто негизинен укугу бузулган жакыр үй-бүлөлөргө, жумушсуздарга, ишкерлерге, мигранттарга жана башкаларга көмөк көрсөтүп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG