Кытайлык укук коргоочу Ван Цюанчжаң төрт жылга абакка кесилди. Тяньцзиндин Элдик соту 28-январда жарыялаган билдирүүсүндө Ван "мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылганы үчүн күнөөлүү деп табылып, төрт жыл алты айга эркинен ажыратылганы" белгиленет.
42 жаштагы Ван 2015-жылы Кытайда 200дөй адвокат жана адам укуктары боюнча иш алып барган активисттер менен кошо кармалган. Ван "Fengrui" аттуу юридикалык фирманын мүчөсү болчу. Бул компания Коммунисттик партияны сындагандардын укуктарын коргоп келгени менен белгилүү.
Укук коргоочунун аялы Ли Вензунун айтымында, ага сот жараянына катышууга уруксат берилген жок. Ли күйөөсү камалгандан бери аны эркиндикке чыгарууну талап кылган акцияларды өткөрүп келет.
Кытайда адатта укук коргоочулардын иши менен байланыштуу соттук жараяндар чет элдик дипломаттардын көпчүлүгү Ыса пайгамбардын туулган күнүнө белгилеш үчүн эс алууга кеткен маалда өткөрүлөт.