Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Халилзад ооган президенти менен жолукту


АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад Ооганстандын президенти баштаган өкүлдөр менен.
АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад Ооганстандын президенти баштаган өкүлдөр менен.

Кошмо Штаттардын атайын чабарманы Залмай Халилад "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге жана өкмөттүн өкүлдөрүнө айтып берди. Бул тууралуу ооган президентинин кеңсеси кабарлады.

28-январда таратылган билдирүүгө караганда, Халилзад сүйлөшүүлөрдө ок атышууну токтотуу боюнча сөз болгонун, бирок азырынча эч нерсе так макулдашыла элек экенин айткан.

Халилзад ошондой эле чет элдик аскерлердин чыгып кетиши боюнча эч кандай макулдашуу кабыл алынбаганын да ырастаган. Ал мындай келишимдердин баары ооган өкмөтү менен чогуу чечилерин кошумчалаган.

Бул билдирүүдөн мурда "Талибан" кыймылы жана Халилзад Ооганстандагы 17 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу максатында Катарда өткөн сүйлөшүүлөрдө "олуттуу прогресске" жетишилгенин айтышкан.

Америкалык делегация менен "Талибандын" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Доха шаарында алты күнгө уланып, анын жүрүшүнө Катар менен Пакистан да көз салып турду.

Атайын булактар берген маалыматка караганда, "Талибан" кыймылы эл аралык күчтөр кеткенден кийин "Аль-Каида" жана "Ислам мамлекети" террордук уюму сыяктуу куралдуу топторду ооган жергесине жолотпоого милдеттенме алууда.

"Reuters" агенттиги Катардын Тышкы иштер министрлигиндеги өз булактарына таянып, талибдер менен Кошмо Штаттардын ортосундагы дагы бир тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы 25-февралга белгиленгенин жазды.

XS
SM
MD
LG