Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Ооган маселеси оңунан чечилиши мүмкүн


"Талибандын" согушкерлери. 1996-жылы тартылган сүрөт.
"Талибандын" согушкерлери. 1996-жылы тартылган сүрөт.

Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн америкалык делегация менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Катардагы сүйлөшүүсү “олуттуу прогресске” жетишкени маалым болду.

Бул тууралуу Ооганстанда бейпилдик орнотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү милдети тагылган Вашингтондун атайын чабарманы Залман Халилзад 27-январда Кабулга кайтып баргандан кийин билдирди. Ал Доха шаарында алты күндүк жолугушууга катышты.

Чабармандын жакшы кабарын ооган коомчулугу кубануу менен кабыл алды. Ооганстандын Тынчтык кеңешинин өкүлү Асадулла Заири: «Биз, жалпы эле Ооганстандын эли тынчтыкка жетиш үчүн жүргүзүлүп жаткан аракеттерди кубаттайбыз», - деди.

Кабул шаарынын карапайым тургуну Мохаммад Рахим: «Бул өлкөдө баарыбыз тең согуштан жана чыр-чатактан жададык. Оогандардын, америкалыктардын жана «Талибандын» ортосундагы кандай гана тынчтык макулдашуусу болбосун, бул өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн колдойбуз», - деди.

Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

Халилзаддын айтымында, талибдер менен келишимге кол коюлган жок, бирок жакын арада бул иш жасалат. «Мурдагы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу бул жолугушуу натыйжалуу болду. Өтө маанилүү маселелер боюнча олуттуу прогресске жетиштик», - деди атайын чабарман.

«Reuters» маалымат агенттиги «Талибан» кыймылындагы өз булактарына таянып, АКШ менен куралдуу кыймыл америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүүнү макулдашканын кабарлады. Чет элдик күчтөр макулдашууга кол коюлгандан кийин 18 ай ичинде ооган жергесинен чыгып бүтүшү керек. Ошондой эле жолугушууга катышкандар тынчтык макулдашуусунун алгачкы вариантын түзүшкөнү да маалым болду.

Америкалык делегация менен «Талибандын» өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Доха шаарында алты күнгө уланып, анын жүрүшүнө Катар жана Пакистан көз салып турду.

Атайын булактар берген маалыматка караганда, «Талибан» кыймылы эл аралык күчтөр кеткенден кийин «Аль-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук уюму сыяктуу куралдуу топторду ооган жергесине жолотпоо милдетин өз мойнуна алууда.

Америкалыктардын Ооганстандан толук чыгып кетиши куралдуу топту ок атышпоо режимин сактоого да милдеттендирет.

Азырынча Кошмо Штаттардын тиешелүү мекемелери эч кандай маалымат тарата элек. Ошондой эле сүйлөшүүгө катышкандардын эч кимиси расмий билдирүү тараткан жок.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттер" баракчасына [Халилзад] "шыктандырган кабар айтканын" жазды.

«Америка авазы» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, ооган жергесинен америкалык күчтөрдүн чыгары тууралуу маалымат дүйшөмбүдө жарыяланышы мүмкүн. Талибдер менен түзүлгөн тарыхый макулдашуу тууралуу президент Дональд Трамп Конгресстеги жылдын баяндамасында айтышы ыктымал.

Азырынча талибдер президент Ашраф Гани башында турган өкмөт менен сүйлөшүүгө барар-барбасы белгисиз. Буга чейин «Талибан» кыймылы Ганини тынчтык жараянына чакыруудан кескин баш тартып келген. Куралуу топ Кабулдагы өкмөттү тааныбай, «Батыштын куурчагы» деп сыпаттап жүрөт.​

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Президент Гани өткөн аптада Давостогу экономикалык форумга катышканда Вашингтондун чабарманы Халилзаддын тынчтык орнотуу аракеттерин сындаган.

Ал ошондой эле Кабул өкмөтү Катардагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгын «кабыл албай коюшу мүмкүн экенин» ишарат кылган. Ооган президенти талибдерге бетме-бет отуруп, бардык маселелерди чечүүнү буга чейин бир нече ирет сунуш кылган.

Ооганстандагы соңку 18 жылдык согушка Кошмо Штаттар триллион долларга жакын каражат кетирди. Ооган жергесинде эки жарым миңдей америкалык жоокер курман болду.

Ушул тапта 14 миңдей америкалык аскерлер жергиликтүү коопсуздук күчтөрүн машыктырып жүрөт. Вашингтон үчүн ооган операциясынын жылдык чыгымы 45 миллиард долларга жетет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG