Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Макрондун Египеттеги расмий сапары уланып жатат


Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 10-ноябрь, 2018-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 10-ноябрь, 2018-жыл.

Франциянын президенти Египеттеги расмий сапарын улантып жатат. Эммануэл Макрон президент Абдел Фаттах ал-Сиси менен айрым маселелелерди, анын ичинде камактагы диссиденттердин тагдырын талкуулай тургандыгын билдирди.

"Адам укуктарын урматтоо президенттин жана Египеттин кызыкчылыгына төп келет," - деди француз лидери.

2013-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Сисинин тушунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы катуу сынга кабылып келатат.

Сапардын алкагында президенттер бир нече макулашууга кол коюшу күтүлүүдө.

Ал ортодо эл аралык укук коргоо уюмдары "Франция Египетке курал-жарак сатуу менен репрессияларга жана адам укуктарынын бузулушуна салым кошууда" деп сындап жатышат.

"Эл аралык мунапыс" уюмунун маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери Франция Египетке АКШга караганда көбүрөөк курал экспорттогон. Анын ичинде "Рафаль" аскердик учактары, "Мистраль" деген кемелер да бар.

XS
SM
MD
LG