Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Министрлик: Иманбаеванын ишин эки комиссия иликтеп жатат


Нааразылык акциясына чыккан дарыгерлер. 28-январь, 2019-жыл.
Нааразылык акциясына чыккан дарыгерлер. 28-январь, 2019-жыл.

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын ишин эки комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев кабарлады:

- Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн кызматкерлеринин кайрылуусунун негизинде министрликте комиссия түзүлүп, айтылган маселелер боюнча иштеп жатат. Андан тышкары алар Улуттук госпиталга да кайрылып, ал жакта да бир комиссия иштеп жатат. Комиссиялардын жыйынтыгы чыккыча биз эч нерсе деп айта албайбыз.

Жумакеев Салтанат Иманбаева кызматтан алынганын, бирок ал сотко арызданып, райондук жана Бишкек шаардык соттору аны кызматына калыбына келтирүү тууралуу чечим чыгарып бергенин айтты. Улуттук госпиталь эки инстанциянын чечимине каршы Жогорку сотко арызданган.

Бүгүн, 28-январда Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүндө иштеген 30дай дарыгер Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылып Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан.

Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын, грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууну өз менчигине өткөрүп, операцияларды өзү гана жасап калганын айтышууда.

Ал эми Иманбаева буга чейин коюлган дооматтын баарын четке кагып, техниканы эч кайда алып кетпегенин, анын иш боюнча айткан сын-пикирлерин дарыгерлер кемсинтүү катары кабыл алып жатышканын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG