Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

NYT: "Талибан" менен АКШ макулдашуунун жалпы шарттарын келишти


АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад Ооганстандын президенти баштаган өкүлдөр менен. Кабул. 27-январь, 2019-жыл.
АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад Ооганстандын президенти баштаган өкүлдөр менен. Кабул. 27-январь, 2019-жыл.

«Нью-Йоркс Таймс» басылмасы АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзадга шилтеме кылып, Катарда өткөн беш күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды.

«Нью-Йорк Таймска» 28-январда чыккан маегинде Халилзад: «Бизде макулдашуунун шарттары бар. Аларды биз макулдашуунун өзү кабыл алынганча тактап алышыбыз керек» деди.

Сөз болуп жаткан шарттарга ылайык, «Талибан» кыймылы эл аралык күчтөр кеткенден кийин «Аль-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук уюму сыяктуу куралдуу топторду ооган жергесине жолотпоо милдетин өз мойнуна алууда.

Америкалыктардын Ооганстандан толук чыгып кетиши куралдуу топту ок атышпоо режимин сактоого да милдеттендирет.

Буга чейин Ооганстандагы 17 жылдан бери токтобой жаткан жаңжалды токтотууга багытталган сүйлөшүүдө “олуттуу жылыш” болгонун эки тарап тең белгилеген.

Америкалык делегация менен "Талибандын" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү Доха шаарында беш күнгө уланып, анын жүрүшүнө Катар менен Пакистан да көз салып турду.

"Reuters" агенттиги Катардын Тышкы иштер министрлигиндеги өз булактарына таянып, талибдер менен Кошмо Штаттардын ортосундагы дагы бир тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы 25-февралга белгиленгенин жазды.

XS
SM
MD
LG