Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Кытайлык казактар Путин менен Трамптан жардам сурашты


Кытайдан келген казактар басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алматы. 28-январь, 2019-жыл.
Кытайдан келген казактар басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алматы. 28-январь, 2019-жыл.

28-январда Алматыда Кытайдын Баркөл-Казак автоном облусунан келген казактар Шинжаңдагы "саясий тарбиялоочу лагерлерде" кармалып жаткан туугандарына жардам берүүнү суранып, басма сөз жыйынын өткөрүштү.

"Ата журт ыктыярчылары" деп аталган коомдук уюмдун кеңсесинде өткөн жыйындын катышуучулары АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путинге орус жана англис тилдеринде сүйлөп, жардам берүүнү суранып кайрылышты.

Жыйынга отуздай киши катышты. Алардын айрымдары туугандары "саясий тарбиялоочу лагерлерде" экенин айтышса, башкалары жакындары үй камакта экенин, кээ бирөөлөрү соттолуп кеткенин билдиришти.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин “окутуп-тарбиялоочу борбор" деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

Бишкекте түзүлгөн "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин эсебинде, жабык жайларда 50 миңдей кыргыз бар.

9-январда Астана Бээжин эки миңден ашуун казак улутундагыларга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирген.

XS
SM
MD
LG