Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Авиация тармагынын абалы талкууланат


"Манас" эл аралык аэропортунда токтоп турган учактар.
"Манас" эл аралык аэропортунда токтоп турган учактар.

Бишкекте бүгүн, 29-январда авиация тармагынын абалы тууралуу талкуу өтөт. Эксперттер, адистер катыша турган талкууда Кыргызстандын Аба кодексине киргизилген өзгөртүүлөр ортого салынмакчы.

«Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга 15-январда кол коюлуп, он күндөн кийин күчүнө кирген. Анда «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу, кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба каттамдары менен билеттерди жеткиликтүү кылуу боюнча иш пландары камтылган.

Бирок Кыргызстанда 2003-жылдан көтөрүлүп, ишке ашпай келаткан “Ачык асман” долбооруна жергиликтүү авиакомпаниялар башынан эле каршы. Алар "долбоор ишке кирсе банкрот болобуз” деп кооптонуп жатышат.

Ошол эле кезде жергиликтүү авиакомпанияларга тиешелүү учактар улам бузулуп жатканы кабарланууда. Учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын жарымынан көбү жараксыз абалда. Кыргызстандык авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинен» чыга элек. (NT)

XS
SM
MD
LG