Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Аба кодексине өзгөртүү киргизилди


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алган. Анын максаты - жарандык авиацияны өнүктүрүү, аба аркылуу жүргүнчү жана жүк ташууну көбөйтүү, «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу, кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба каттамдары менен билеттерди жеткиликтүү кылуу. Мыйзам расмий жарыяланган соң он күндөн кийин күчүнө кирет.

“Ачык асман” долбоору тууралуу маселе Кыргызстанда 2003-жылдан бери байма-бай көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келатат. Жергиликтүү авиакомпаниялар "ал долбоор ишке кирсе банкрот болобуз" деп кооптонуп жатышат.

Өкмөт 2019-жылы кыргызстандык жүргүнчүлөр арасында аба каттамына артыкчылык бергендер көбөйүп, учак менен жол жүрүүнү тандагандар жылына 1 миллион 600 миңге жакындайт деп ишендирүүгө аракет кылып жатат.

Бирок жергиликтүү авиакомпанияларга тиешелүү учактар улам бузулуп жатканы кабарланууда. Учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын жарымынан көбү жараксыз абалда.

Кыргызстандык авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинен» чыга элек. (NT)

XS
SM
MD
LG