Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

“Ачык асманды” алга жылдыруу аракети


“Манас” эл аралык аэропорту.
“Манас” эл аралык аэропорту.

Жогорку Кеңеш өкмөт жана депутаттар тобу иштеп чыккан “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт.

“Ачык асман” саясаты боюнча маселе - Кыргызстанда 2003-жылдан бери эле байма-бай көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келаткан дымактуу демилгелердин бири. Буга чейин бул долбоор боюнча орток пикир таба албай жүргөн өкмөт менен парламент эми биригип, “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул “абанын бешинчи эркиндиги” маселесинде орток пикир табылды деген кеп.

Авиацияда жалпысынан тогуз эркиндик баскычы бар деп эсептелет. Кыргызстан анын төртөөнө уруксат берген. Биринчиси учактардын өлкөгө конбой түз учуп өтүп кетишине, экинчиси конуп, май куюп, кайра башка өлкөгө учуп кетишине укук берет. Үчүнчүсү - компанияларга уруксат берилген өлкөгө жүргүнчү, жүк ташуу, ал эми төртүнчүсү - андан чыккан жүргүнчүлөрдү ташып чыгуу укугу.

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев “аба эркиндигинин бешинчи даражасы” ишке кирсе Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачыларын айтып берди:

Курманбек Акышев.
Курманбек Акышев.

- Европага, Америкага, Түштүк Азиянын чоң-чоң шаарларына түз каттамдарыбыз жок. Эгер мыйзам кабыл алынып, иштеп кетсе ал мамлекеттерге учууга жол ачылат. Ал үчүн чет мамлекеттердин ири компаниялары Кыргызстан аркылуу учууга кызыкчылыгы болушу керек. Ага биз да жардам беребиз. Андан сырткары, биздин жарандар Европа өлкөлөрүнө түз учууга мүмкүнчүлүк алат. Азыр болсо алар Европага барыш үчүн Стамбул, Москва аркылуу кымбат билеттерди сатып алып кетип жатышат.

“Ачык асман” долбоору бардык чет элдик авиакомпанияларга эч кандай чектөөсүз Кыргызстандын аэропортторуна учуп келип-кетишине, жүргүнчү жана жүк ташып келип, кайра үчүнчү мамлекеттерге ташууга жол ачат. Башкача айтканда, “абанын бешинчи эркиндиги” киргизилет.

Бирок депутат Улукбек Ормонов “Ачык асман” долбоору жергиликтүү авиациялык ишканаларга кедергисин тийгизет деп кооптонуп жатат.

- Кыргызстандын араң жан болуп турган авиациясын жок кылып алышыбыз мүмкүн, - деди ал. - Себеби, биздин авиакомпанияларыбыз атаандаштыкка даяр эмес. Азыр булар Орусияга, Стамбулга каттап, андан түшкөн кошумча тыйынга ички каттамдарды жүргүзүп жатышат. Ал эми бардык өлкөлөргө учууга уруксат бергенден кийин биздин авиакомпаниялар жабылып калат. Мисалы, эгемендик алгандан бери авиация тармагына бир тыйын да бере элек экенбиз. Ошол эле учурда автожолдорго, энергетикага миллиарддаган акча салып атабыз. Ооба, “Ачык асман” бизге керек экенин түшүнүп турам. Бирок аны ишке ашыруунун башка жолдору бар да.

Ормонов өлкөнүн аба мейкиндигин бардык өлкөлөргө ачып салгандын ордуна эл аралык ири авиакомпаниялар менен эки тараптуу келишим түзүп иштөөнү сунуш кылды.

Кыргызстанда азыр 31 эл аралык каттам бар. Алардын 29у туруктуу иштесе, калган үчөө жайкы мезгилде каттайт.

“Аба кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Жанарбек Акаев маселе боюнча тынчсыздангандарга мындайча жооп берди:​

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин жергиликтүү авиакомпанияларга жеңилдик бере турган мыйзамдарды да киргизебиз. Буга азыр кам көрө баштадык. Мурда Армениянын ата мекендик авиакомпаниясы жок болчу. “Ачык асманга” киргенден кийин эки авиакомпания түзүлүптүр. Андан тышкары тогуз айда Сауд Арабиясынан Кыргызстанга келген туристтердин саны 10 миңге жетти. Бул долбоор туристтердин санын да көбөйтөт. Жумуш орундары түзүлөт.

Айрым депутаттар жергиликтүү авикомпанияларды колдош үчүн аларды толугу менен салыктан бошотуу боюнча демилге көтөрүштү. Эл өкүлү Айтмамат Назаров “Ачык асман” саясатынын демилгечилерине эл аралык каттамдардан мурун ички каттамдардын маселесин чечип алууну сунуш кылды:

- Ички каттамдарды “Манас” аэропортуна бериш керек. “Аэропорттун баары сеники, кандай тейлесең өзүң бил, сен жооп бересиң” деш керек. Ал эми салыктан бошоткон менен авиакомпаниялар баары бир атаандаштыкка туруштук бере албайт. Учактар эскирди, билеттер да кымбаттап 4000 сомго чейин чыкты.

Бишкек-Ош авиакаттамынын билеттери Бишкек-Москва каттаманын баасына чыгып кеткен учурлар бар. Бирок мыйзамдын демилгечилеринин бири, депутат Махабат Мавлянова Аба кодексине өзгөртүү киргизилсе деле өлкө ичиндеги билеттер арзандабай турганын айтып жатат.

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

- “Абанын бешинчи эркиндиги” ички каттамдардагы баага таасир этпейт, - дейт ал. - Болгону сырткы каттамдарга тиешеси бар. Мисалы, чет өлкөдөн операция жасатыш үчүн бараткан жаш балдар, жалпы жарандарыбыз экинчи өлкөлөр аркылуу эмес, түз учушат.

Жыйынтыгында “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өзүндө азыр иштеп жаткан “Эйр Манас”, “Авиатрафик”, “Тез жет” деген авиакомпаниялар бар. Алардын учууга жарактуу 17 учагы бар. Ал эми “Эйр Кыргызстан” ишканасы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG