Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

ГКЧПнын мүчөсү Александр Тизяков дүйнөдөн кайтты


Александр Тизяков.
Александр Тизяков.

Орусиянын Екатеринбург шаарында ГКЧПнын мүчөсү Александр Тизяков 92 жашында көз жумганын ТАСС агенттиги кабарлады.

Тизяков 1991-жылы СССРдин Өнөр жай, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча мамлекеттик ишканалар бирикмесинин президенти болгон. Ал тарыхта ГКЧП деген аталыш менен калган Советтер Союзундагы мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандардын бири болгон.

1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССРдин президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурушкан. Бирок алар өз максатына жетпей, тескерисинче, СССРдин кулашын тездеткен. 1991-жылы 24-августта Михаил Горбачев Советтер Союзунун Комунисттик партиясынын баш катчылык кызматын тапшырганын жарыялаган.

Советтер Союзунда төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин ГКЧП мүчөлөрү камакка алынган. Алардын катарында Тизяков "мамлекеттик чыккынчылык" үчүн айыпталып камалып, 1993-жылы абактан чыккан. 1994-жылы ага мунапыс берилген.

ГКЧПнын курамына 8 киши кирген. Алардын көбүнүн көзү өтүп кетти.

XS
SM
MD
LG