Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Бизнес-акыйкатчынын байкоочу кеңеши түзүлүүдө

Заманбап наабайкана. Кыргызстан.
Заманбап наабайкана. Кыргызстан.

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысынын байкоочу кеңеши түзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Маалыматка караганда, байкоочу кеңешке мүчөлөр үч блок болуп кирет.

Биринчи блок - ишкерлер ассоциациялары. Байкоочу кеңешке мүчө болууну каалаган бизнес-ассоциациялар Кыргызстандын арбын аймагында ишкерлик кылган, мүчөлөрү көп салык төлөгөн, мүчөлүк акы төлөөчү элүүдөн ашуун ишкери бар, түзүлгөнүнө беш жылдан кем эмес уюмдар болушу керек.

Сунушка ылайык байкоочу кеңешке туруктуу беш, ротациялык негизде эки бизнес-ассоциация мүчө болот.

Экинчи блок - өкмөт. Учурда экономика министринин орун басарын байкоочу кеңешке өкмөттүн өкүлү кылып жиберүү тууралуу буйрук тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин макулдугунан өтүүдө.

Ал эми үчүнчү блок - эл аралык өнөктөштөр. Маалыматта айтылгандай, бул блокту координациялоо милдетин Бизнес-акыйкатчынын негизги өнөктөшү - Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы өз мойнуна алган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 31-декабрда Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Ага ылайык, Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо боюнча иш алып барат. Анын өз катчылыгы болот жана алар ишкерлердин кайрылууларын жана арыздарын карайт. Бизнес-акыйкатчы жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт.

Учурда Бизнес-акыйкатчылыкка талапкерлер тандалууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG