Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Балдарга кыргыз тилин үйрөтүүчү тиркеме иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тиркеме "Бал тил" деп аталат. Аны мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия иштеп чыккан.

Комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 29-январда журналисттерге билдиргени боюнча, "Бал тил 1" үч-беш жаштагы балдар үчүн, ал эми "Бал тил 2" башталгыч класстардын окуучулары үчүн ылайыкталып жасалган.

- Тиркемедеги программалар сүрөттөрдөн, анимациялардан, аудио жана логикалык оюндардан турат. Бул кичинекей балдардын кыргыз тилин үйрөнүшүнө өтө жакшы мүмкүнчүлүк, - деди комиссиянын башчысы. 

"Бал тил" тиркемесин "Android" жана iOS платформалуу телефондорго орнотууга болот. (ZA/ZKo)

 

XS
SM
MD
LG