21-январь күнү таңга жуук, саат 04.00 чамасында Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылынын тургунунун үйүнө белгисиз эки адам беткап кийип кирген. Алар үйдөгү 56 жаштагы аялды 29 жаштагы кызы менен кошо колу-бутун байлап, ооздорун чаптап, акча доолашкан. Аял 4500 сом акчасын берген, ага ыраазы болбогон беткапчандар үйдүн ичин чачып, кымбат баалуу жасалга буюмдарын алып, качып кетишкен. Учурда Базар-Коргон райондук милициясы бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Милициянын маалыматы боюнча, жабырлануучулар денесинен жаракат алышкан эмес жана дарыгерге кайрылышкан жок.
Каракчылык кылгандар изделүүдө. Алар болжол менен 20-25 жаштардагы, азиат улутундагы эркек кишилер болгон. (RsK)