Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

АКШ Венесуэланын мунай компаниясына санкция киргизди


АКШ администрациясынын өкүлдөрү Николас Мадурону каржы булагынан ажыратуу боюнча иштеп жатышканын буга чейин билдиришкен.
АКШ администрациясынын өкүлдөрү Николас Мадурону каржы булагынан ажыратуу боюнча иштеп жатышканын буга чейин билдиришкен.

Вашингтондун 28-январда жарыяланган жаңы чечими Венесуэланын мунайын АКШнын импорттоосуна тыюу салбайт. Бирок ал америкалык компаниялар Венесуэланын мамлекеттик PDVSA мунай компаниясы менен каржылык операцияларды жүргүзүшүнө бөгөт коёт.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин билдиргенине караганда, бул Венесуэладан импорттолгон мунай үчүн төлөмдөр атайын, бирок бөгөт коюлган банк эсептерине которулат дегенди билдирет.

Венесуэланын мунайы үчүн АКШ - эң ири экспорттук базар.

Президент Николас Мадуро АКШнын кадамын сынга алып, аны “мыйзамсыз жана кылмыштуу” чара деп баалады.

АКШ көргөн чара Венесуэланын мамлекеттик PDVSA мунай компаниясынын АКШдагы бөлүмү - "Citgo" компаниясына да таасир этет.

Вашингтон Венесуэланын мамлекеттик мунай компаниясына болгон көзөмөлдү АКШ жана башка бир катар мамлекеттер утурумдук президент катары тааныган Хуан Гуйадонун командасына өткөрүп берүүнү көздөп турат.

Венесуэла оппозициясынын 35 жаштагы лидери, оппозиция үстөмдүк кылган парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо 23-январда өзүн өлкөнүн утурумдук президенти деп жарыялаган.

Анын бийлигин АКШ, Канада жана Латын Америкасындагы ири мамлекеттердин көбү, анын ичинде Бразилия, Аргентина, Колумбия тааныган. Алыскы мамлекеттерден Гуайдонун бийлигин тааныгандардын катарына Австралия менен Израил да кошулду.

Куба, Мексика, Боливия, Никарагуа, алыскы өлкөлөрдөн Орусия, Кытай, Иран, Түркия Мадуро тарапта турушат.

Евробиримдиктин ири өлкөлөрү Франция, Британия, Германия жана Испания өткөн ишембиде эгер Мадуро сегиз күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындабаса, алар да утурумдук президент катары Хуан Гуайдону тааный турганын белгилешти. (UE)

XS
SM
MD
LG