Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Москвада кыргызстандык мигрант каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23 жаштагы Тимур аттуу мигрант 23-январда ишке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Төрт күн бою аны издеген жакындары 28-январда сөөгүн өлүкканадан табышкан.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, маркумдун сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Тимур троллейбуста бара жатканда жүрөгү кармап, каза болгон.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген. Анын 90% Орусиядан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG