Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Тажикстан чек арага согушкерлер топтолгонун төгүндөдү


Тажик-ооган чек арасындагы өткөрмө бекет. 2010-жылы тартылган сүрөт.
Тажик-ооган чек арасындагы өткөрмө бекет. 2010-жылы тартылган сүрөт.

Тажикстандын Чек ара аскерлери башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугходжаев "Настоящее время" телеканалына тажик-ооган чек арасында өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун жоочулары жок экенин билдирди. Анын айтымында, чек арада абал туруктуу, коркунуч болсо биринчи Тажикстанга маалым болмок.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов Пакистандан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери белгисиз тик учактар менен массалык түрдө Тажикстандын чек арасына ташталып жатканын 28-январда айтып чыккан.

Зубов бул аймакта "ири масштабдагы чагым" пландалып жатканын да болжолдогон. Бул билдирүүдөн кийин Тажикстан айтылган маалыматтар текшерилип жатканын кабарлаган.

Тажик-ооган чек арасындагы террор коркунучу тууралуу орусиялык расмий өкүлдөр мезгил-мезгили менен эскертип келишет.

Тажикстандын аймагында Орусиянын №201 аскердик базасы жайгашкан. Анда 6 миңдей жоокер бар.

XS
SM
MD
LG