2010-жылдын апрель окуясынан кийин камалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги жетекчиси Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу боюнча арыз бүгүн, 30-январда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттон алынды.
Маселе Мурат Суталинов "өсмө (рак) оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен" деген жүйөгө байланыштуу каралганы жатат. Мындан мурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу документтер, дарыгерлердин бүтүмдөрү сотко жиберилгенин билдирген.
Мыйзамга ылайык, абакта отурган жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укуктуу. Ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши керек.
2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (NT)