Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Нурбаев: Министр 82 миң долларлык автоунаада жүрүүдөн уялууга тийиш (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Абдувахап Нурбаев саламаттык сактоо министрин "82 миң долларлык жолтандабас минип жүрөт" деп сынга алды. Ал 30-январда парламент отурумунда бул маселени көтөрүп, вице-спикер Аида Касымалиевадан Жогорку Кеңештин комитетине протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү:

- Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 82 миң долларлык машинеде жүрөт. Бул Дүйнөлүк банктын акчасы, жакынкы келечекте эл төлөй турган насыя. Министрдин мындай кымбат автоунаа минип жүрүүгө кандай укугу бар? Азыр ооруканада пол жуугучтар 2 миң, медайымдар 6 миң сом айлык алат. Бул жолтандабасты сатып, ордуна "Тез жардам" унаасын алыш керек.

Депутат саламаттык сактоо тармагы начар абалда турганда министр мындай кымбат автоунаа менен жүрүүдөн уялууга тийиш экенин белгиледи.

Бир нече күн мурда социалдык тармактарда саламаттык сактоо министринин кызматтык автоунаа катары кымбат баалуу жонтандабаста жүргөнү катуу сынга алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG