Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Былтыр балдардын өлтүрүлүшү боюнча 14 кылмыш иши козголгон


Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы жашы жете электердин киши колдуу болгонуна байланыштуу 14 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Тимур Саитов 30-январда балдар өлүмүнө байланыштуу тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, козголгон кылмыш иштеринин ичинен 10 иш 97-берене ("Киши өлтүрүү"), экөө 100-берене ("Баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү"), бирөө 98-берене ("Мас абалында өлтүрүү") жана дагы бирөө 101-берене ("Шалаакылык менен өлтүрүп алуу") боюнча козголгон.
Бул кылмыш иштеринин бешөө боюнча соттун чечими чыккан, бир иш боюнча жоопкер өмүр бою эркинен ажыратылган. Калгандары боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Ушул тапта балдардын киши колдуу болгону көбөйүп жатканына байланыштуу маселе Бишкекте жарандык коом өкүлдөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен талкууланууда. Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинен, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен да өкүлдөр катышып жатышат.

Акыркы эки-үч айда эле ата-энеси ажырашып же эмгек миграциясына кетип, жакындарынын колунда калган бир нече наристе жашоо менен кош айтышты. Алардын өлүмүнө шектүү катары балдар калтырылган туугандары, тааныштары кармалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG