Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери кытайлардын улуттук "Жаз майрамына" байланыштуу 2-февралдан 10-февралга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Чек ара бекеттеринен жарандарды жана автоунааларды өткөрүү 11-февралдан тартып жанданат. (ZKo)