Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Орус парламентинде кылмышка шектүү сенатор кармалды


Рауф Арашуков. 30-май, 2018-жыл.
Рауф Арашуков. 30-май, 2018-жыл.

Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес жумуриятынын өкүлү Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалды. Жыйынга Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин катышкан.

Арашуков кол тийбестик макамы алынгандан кийин өзүн жыйындар залынан кармоого жана тинтүүгө макул болду.

Орус маалымат агенттиктери сенатор бир катар кылмыштар боюнча шектүү катары кармалганын кабарлашты.

ТАСС агенттигинин өз булагы «тергөөчүлөр андан бир катар оор кылмыштар боюнча, анын ичинде кылмыштуу топ түзгөн, адам өлтүрүүнү уюштурган деп шек санап жатканын» айтты.

Сенатор 2010-жылы кылмыштуу топ түзүп, эки адамды өлтүрүп жана дагы бирөөнүн саламаттыгына оор залал тийгизген деп шек саналууда.

Черкестердин «Адыге-Хасе» кыймылынын лидери Аслан Жуковду "өлтүрдү" деп айыпталган киши кылмышка Арашуков буйрук бергенин былтыр тергөөдө айткан. Окуя 2010-жылы болгон.

2012 жана 2017-жылдары башка дагы эки киши Арашуков башка кылмыштарга буйрук бергенин айтышкан.

2010-жылы Карачай-Черкес жумуриятынын президенттигине талапкер Фрал Шебзуховду атып кетишкен.

Арашуков Федерация кеңешине 2016-жылдан бери мүчө. Ага чейин «Газпром» компаниясына тиешелүү тармакта иштеген.

XS
SM
MD
LG