Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Лондон Евробиримдик менен Брекзит келишимин кайра кароого аракеттенет


Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги жыйында. 29-январь, 2019-жыл.
Премьер-министр Тереза Мэй парламенттеги жыйында. 29-январь, 2019-жыл.

29-январдын кечинде британ парламенти Британиянын уюмдан кандай шартта чыгарын аныктаган Брекзит келишиминин айрым жоболору боюнча Евробиримдик менен кайрадан сүйлөшүү керек деген бүтүмгө келди.

Премьер-министр Тереза Мэй парламенттин талабын расмий Брюсселге жеткирерин айтты:

- Эми парламентте Евробиримдиктен келишим менен чыгууну жактагандар басымдуулук кылаары анык болду. Биз бул добуш берүүнүн жыйынтыгын алга сүрөп, Брекзит келишимине өзгөртүүлөр киргизилишин көздөйбүз.

Бирок Евробиримдик британ парламентинин чечимине жооп кылып, келишим кайра каралбай турганын эске салды.

Евробиримдик ноябрь айынын соңунда Британиянын уюмдан кандай шартта чыгарын көрсөткөн эки негизги документти жактырган. Эки документти Тереза Мэйдин өкмөтү колдогону менен январь айынын башында британ парламенти чечкиндүү түрдө четке каккан. Аны улай оппозициялык депутаттар премьер-министрге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүшүп, Мэй аз айырма менен гана кызматын сактап калган.

XS
SM
MD
LG