Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Орусияда кармалган сенатордун атасы газ уурдаган деп шек саналып жатат


Федерация Кеңешинин сенатору Рауф Арашуков. 12-октябрь, 2016-жыл.
Федерация Кеңешинин сенатору Рауф Арашуков. 12-октябрь, 2016-жыл.

Санкт-Петербургда Карачай-Черкес Республикасынын Федерация Кеңешиндеги мүчөсү Рауф Арашуковдун атасы Раул Арашуков кармалды.

Тергөө комитети билдиргендей, Раул Арашуков "Газпром" компаниясынын жаратылыш газын уурдаганга тиешеси болушу мүмкүн. Жалпы чыгым 30 миллиард рублга бааланган. Бул кылмышка анын уулунун да тиешеси болушу ыктымал.

Тергөөнүн версиясы боюнча табигый байлык беш жыл бою уурдалган. Тергөө амалдары Москвада, Санкт-Петербургда, Ставрополдо, Махачкалада, Будённовскиде, Астраханда жана башка шаарларда жүргүзүлгөн.

Ачык маалыматка караганда, Раул Арашуков – "Газпром межрегионгаз» ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси, Карачай-Черкес Республикасынын Элдик кеңешинин депутаты, "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү.

30-январда анын уулу, сенатор Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалды. Орус маалымат агенттиктери ал бир катар кылмыштар боюнча шектүү катары камакка алынганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG